Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы дин чөйрөсүндө долбоордук ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруучу уюмдар менен координациялык жолугушуу өткөрдү.
Аталган иш-чаранын алкагында 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу, социалдык чөйрөдөгү өнөктөштүк мамилелерди чыңдоо маселелери каралды. Ошондой эле 2021-2026 жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын” долбооруннун приоритеттүү багыттарын талкуулашты.
Аталган жолугушууга мамлекеттик, эл аралык, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.