КР ДИМКнын директору М.Карабаев Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев менен жолугушту

Бүгүн, 15-апрелде Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Медер Карабаев Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев менен жолугушту. 

Жолугушууда диний чөйрөдөгү актуалдуу көйгөйлөр, коомдогу туруктуулук, диний лидерлердин сабаттуулугун жогорулатуу, ошондой эле COVID-19 инфекциясынын жайылышына жол бербөө, сыйынуу жерлерде санитардык эрежелерди сактоо маселелери талкууланды.

Архив