“2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикаксынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын” долбоорун талкуулоо

2021-жылдын 5-6-апрелинде Жалал-Абад, Ош облустарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Медер Карабаевдин катышуусунда “2021-2026 жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын” долбооруна карата иштелип чыккан Иш-аракеттер планы боюнча коомдук талкуу өткөрүлдү. Талкууга жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. 

Концепциянын максаты - мамлекеттин светтик негиздерин жана диний толеранттуулукту чыңдоо үчүн мамлекеттик-конфессиялык кызматташтыктын механизмдерин өркүндөтүү, диний жана коомдук институттардын ишмердигин мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу.

Ушул эле иш-чара 8-апрелден тартып өлкөнүн башка облустарында өткөрүлөт.

Архив