"2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясы" долбоору коомдук талкууда

Үстүбүздөгү жылдын 9-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы "2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясы" долбоору боюнча коомдук талкуулоо өткөрдү. Долбоор мамлекеттик түзүмдөрдүн, диний уюмдардын, академиялык жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан.

Концепциянын максаты - мамлекеттин светтик негиздерин жана диний толеранттуулукту чыңдоо үчүн мамлекеттик-конфессиялык кызматташтыктын механизмдерин өркүндөтүү, диний жана коомдук институттардын ишмердигин мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу.

 Мындай талкуулар өлкөнүн бардык облустарында өткөрүлдү.


Архив