Кыргызстандагы диний уюмдардын тарыхы жана ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берүүгө көмөктөшүү
       2021-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК) Кыргыз Республикасынын АКШ Элчилиги тарабынан алмашуу программаларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн багытталган чакан гранттар программасынын алкагында "Кыргызстандагы диний уюмдардын тарыхы жана ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берүүгө көмөктөшүү" долбоорун ишке ашырууда. 
            Долбоордун максаты - Кыргызстандагы ар түрдүү диний уюмдардын өкүлдөрүнүн жолугушуусун уюштуруп, конфессиялар аралык биримдикти, тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоо.
            Иш-чарада диний уюмдардын өкүлдөрүнө ар биринин өз конфессиясынын тарыхы, диний ырым-жырымдары жана объектилери жөнүндө маалымат алмашууга мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, чыр-чатактардын алдын алуу боюнча түшүндүрүүлөр жүргүзүлдү.
Архив