2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясынын долбоору: аялдар менен иштөө багыттарын талкуулоо

2021-жылдын 24-февралында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Мутакалим коому менен 2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясынын долбоорунун алкагында аялдар менен иштөө багыттары боюнча тегерек стол өткөрдү.

Тегерек стол мамлекеттик органдардын жана диний уюмдардын өкүлдөрүнүн, эксперттердин катышуусунда өттү. 

Катышучуулар Концепциянын долбоорунда гендердик анализ менен таанышып, Концепция боюнча иш-аракеттерди аткарууну талкуулашты. Бул иш-чара  ЮНФПАнын колдоосу менен өткөрүлдү.


Архив