Биримдик- көп түрдүүлүктө

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы 2021-жылдын 20-февралынан 25-февралына чейин "Кыргызстандагы дин таануу изилдөөлөр борбору" өкмөттүк эмес уюмунун өнөктөштүгүндө 18 жаштан 25 жашка чейинки курактагы өлкөнүн 7 аймагынан келген жаштардын катышуусунда «Биримдик- көп түрдүүлүктө” аталышындагы жаштардын форум-лагерин өткөрүүдө. 

Бул иш-чаранын негизги максаты - диндер аралык диалогду түзүүгө зарыл болгон жаштардын билимин жана көндүмдөрүн калыптандыруу.

Программанын алкагында Имам Сарахси атындагы борбордук мечитке, Ыйык Архангел Михаилдик приходуна, Ыйык-Воскресендик кафедралык собору диний объекттерине тааныштыруу экскурсиясы пландаштырылган. Ошондой эле эксперттердин катышуусунда Кыргызстандагы диний көп түрдүүлүк, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жана медиа-маалыматтык, санариптик сабаттуулук багытында сессиялык сабактар өтүлөт.

Архив