“Диний жамааттын катышуусу менен COVID-19га каршы күрөшүү” долбоорунун алкагында

Бүгүн, 2021-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК) Кыргызстандагы «International Alert» эл аралык уюму менен “Диний жамааттын катышуусу менен COVID-19га каршы күрөшүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн иштерди талкуулады. 

Ошондой эле мамлекет менен диний уюмдардын өз ара мамилесин бекемдеп, мамлекеттин туруктуулугу маанилүү экендигине басым жасоо зарылдыгын белгилешти.

Талкуунун соңунда тараптар бири-бирине ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Архив