Борбор Азияга таанымал дин аалымы Алауддин Мансур дүйнө менен кош айтышты

Борбор Азияга таанымал дин аалымы, Куран китебин кыргыз жана өзбек тилдерине которууда эмгеги сиңген Алауддин Мансур үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында 68 жашында дүйнө менен кош айтышты.

Алауддин Мансур 1952-жылы Ош облусунун Кара-Суу шаарында туулган. 1990-1992-жылдары Курандын өзбек тилинде чечмеленген котормосу чыккан. Борбор Азия жана Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өткөргөн тандоодо бул котормо эң жакшы деп табылган.

2000-жылы Кара-Суу шаарында «Курани каримди үйрөнүү илимий борбору» түзүлүп, Алауддин Мансур Куранды алгач ирет кыргыз тилине которгон. Бүгүнкү күндө Алауддин Мансурдун “Қуръани Азим” тафсиринин 17 тому жарык көргөн.

Маркумдун үй-бүлөөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы

Архив