Белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалилов 45 жашында мезгилсиз дүйнө салды

Белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалилов үстүбүздөгү жылдын 11-июлга ооган түнү 45 жашында мезгилсиз дүйнө салды.

Чубак ажы Жалилов 1975-жылы 21-январда Ош облусуна караштуу (азыркы Жалал-Абад облусундагы) Базар-Коргон районунун Мундуз айылында мугалимдин үй-бүлөөсүндө туулган.

Ал 1996-жылы Кыргызстандагы Ислам университетин бүтүргөн. Андан кийин үч жыл Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде араб тилинен сабак берген.

2000-2006-жылдары Сауд Арабстандагы Эл аралык "Умм ал-Кур" университетинде жогорку билим алган.

2005-2007-жылдары ал Орто Азия жана Дүйнөлүк мусулмандар лигасынын адиси болгон. Андан кийин эки жыл Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгында бөлүм башчы болуп, Ислам университетинде сабак берген.

Чубак ажы Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгын жетектеген.

Дин аалымы ушул жылдын 16-июнунда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнөн чыгуу боюнча арыз жазган.

Чубак ажынын жаркын элеси биздин эсибизде сактала бермекчи. Маркумдун үй-бүлөөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы


Архив