Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын эң улуу дин кызматкери Валентин Никонов мезгилсиз дүйнөдөн кайтыш болду

Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын эң улуу дин кызматкери митралуу протоиерей Валентин Никонов каза болду.

Ал 60 жылдан ашуун дин кызматында эмгектенген.  Проториерей 1934-жылы 15-августта Орто Уралдагы Алапаевск шаарында туулган. 1952-жылы Саратов руханий семинариясына кирди. 1954-жылы армияга чакырылып, кызматы бүткөн соң окуусун уланткан. 

Валентин Никонов 1963-жылга чейин Курганск жана Свердловск епархиясында кызмат өтөгөн. Андан соң Ташкент жана Орто Азия епархиясына дайындалган. Ошондон бери протоиерей Валентин Орто Азияда кызмат өтөп калды.

Ал 1974-жылдан баштап Кыргызстандын чиркөөлөрүндө кызмат өтөп жүргөн. 

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы митралуу протоиерей Валентин Никоновдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Архив