Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнө Кайрылуу

Биз, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Конфессиялар аралык Кеңештин[1] мүчөлөрү, жарандык коомдун өкүлдөрү Кеңештин кеңейтилген отурумунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясындагы мамлекеттин светтик нормасын калтыруу жөнүндө чакырык менен Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнө кайрылабыз!

Кыргызстан көп улуттуу жана көп конфессиялуу мамлекет. Светтик принциптер диний ар түрдүүлүктү, бейтараптуулукту жана диний чөйрөдө мамлекеттик органдардын ишинин калыс болушун камсыз кылат

Светтүүлүк бул диндерди эркин тандоону, ар бир жарандын динге ишенүүчү, атеист же агностик болууга укуктуу экендигин билдирет. Ошону менен бирге, жарандардын дин тутунганына же тутунбаганына карабастан мамлекет тең укуктуулук кепилдигин камсыздайт.

Светтүүлүк принцибинин негизинде мамлекеттик органдар диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырат, мамлекеттик-конфессиялык мамилени жана өз ара аракеттенүүсүн түзөт, диний уюмдардын потенциалдарын жогорулатат. Диний уюмдардын өз ара тынчтыкта болуусу жана мамлекеттик-конфессиялык гармониялык мамилелери демократиялык коомдун ишмердүүлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын салмактуу жана өз учурундагы маани берүүсүнүн жыйынтыгы болуп саналат.

Укук үстөмдүгүнүн негизинде диалогдук аянтчалар иштеп жатат, диний чөйрөдөгү чыр-чатактарга реакция кылуучу эффективдүү инструменттер иштелип чыгарылды, ал эми диний уюмдар диний жөрөлгөлөрүн, миссонердик жана билим берүүчү ишмердүүлүктөрүн аткарып, диний багыттагы обьектилерди куруп, зыярат кылуу жөрөлгөрүн аткарышууда.

Кыргыз Республикасынын Конституциясындагы “светтүүлүк” түшүнүгүнүн жокутугу чыңалуунун, чыдамсыздыктын жана агрессивдүүлүктүн жогорулашына алып келет. Бул коомдун туруктуулугуна жана өлкөнүн жарандарынын гүлдөп өнүгүүсүнө терс таасир этет.

Мамлекет негативдүү жыйынтыкка алып келүүчү чакырыктарга реакция кылуусу керек деп эсептейбиз. Ушул себептен Конфессиялар аралык Кеңеш жана жарандык коом Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын Конституциясында светтүүлүк принцибин калтыруусун, ошондой эле, өлкөбүздүн Конституциясынын башка нормаларын светтүүлүк принцибине дал келтирүүсүнө чакырат.

[1] Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы, Орус православ чиркөөсү, Рим католик Чиркөөсү, ЕХВ Чиркөөлөрүнүн Союзу (Евангельских-Христиан-Баптисттердин Чиркөөсү), Кыргыз чиркөөлөрүнүн альянсы, Евангелдик-лютеран чиркөөсү, Жетинчи күндүн адвентистери, Кыргызстандагы «Бахаи» жамааты, Евангелия христиан баптистеринин Союзу (Элүүнчүлөр),  (Конкордия) Лютеран чиркөөсү, Адеп башаты диний уюму жана башкалар.

[1] Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы, Орус православ чиркөөсү, Рим католик Чиркөөсү, ЕХВ Чиркөөлөрүнүн Союзу (Евангельских-Христиан-Баптисттердин Чиркөөсү), Кыргыз чиркөөлөрүнүн альянсы, Евангелдик-лютеран чиркөөсү, Жетинчи күндүн адвентистери, Кыргызстандагы «Бахаи» жамааты, Евангелия христиан баптистеринин Союзу (Элүүнчүлөр),  (Конкордия) Лютеран чиркөөсү, Адеп башаты диний уюму жана башкалар.

Архив