Дин чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер боюнча конфессиялар аралык диалогдун платформасы

Бүгүн, 16-декабрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Конфессиялар аралык кеңештин жарандык коомдун катышуусунда диний чөйрөнүн актуалдуу маселелери боюнча кеңейтилген жыйынын өткөрүүдө.

Иш-чаранын негизги максаты - диний чөйрөдөгү актуалдуу маселелерди талкуулоо, коомдогу туруктуулукту сактоо, мамлекеттик жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо, ошондой эле конфессиялар аралык диалог үчүн платформа куруу процессинде диний лидерлердин жана жарандык коомдун сабаттуулугун жогорулатуу. Иш чарага диний жамааттардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышууда.

Иш-чара “2014-2020-жылдарга диний чөйрөдөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын Концепциясын” ишке ашыруу алкагында конфессиялар аралык мамилелерди бекемдөөгө, ар түрдүү көз караштарды жана ынанымдарды сыйлоого, адам укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоого, толеранттуулук жана сабырдуулукка үндөгөн, радикализм, экстремизди болтурбоого багытталган. Кеңейтилген отурум Кыргызстандагы «International Alert» эл аралык уюмунун техникалык колдоосу менен өтүүдө.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча Конституциялык кеңешмеге кайрылуу жана сунуштар түзүлөт.        


 


Архив