Дин комиссиясынын кызматкерлери конфликттик-сезимталдык тренингинен өтүштү

Бүгүн, 15-декабрда диний чөйрөдөгү маселелер боюнча тренерлер үчүн бир жумалык тренинг аяктады. Тренингдин максаты конфликттик-сезимталдык, конфликти талдоо, медиа сабаттуулук жана гендердик сезимталдуулук маселелери боюнча КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын  жана КР Өкмөтүнө караштуу этностор агенттигинин кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу үчүн багытталган. Алган билимдерин тренингдердин катышуучулары иш жүзүндө дин маселелери боюнча колдоно алышат.

“«2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концециясын» жүзөгө ашыруу аягына чыгып, биз жаңы концепцияны иштеп чыгууда учурдун талабын эске алуу менен мамлекеттик органдын институттук потенциалын жогорулатуу;  мисалы: жумушта конфликттик-сезимтал, медиа жана IT-технология ыкмаларын, ошондой эле пандемиялык шарттарды эске алуу менен иштөө механизмин өздөштүрүү”,- дейт КР ДИМКнын талдоо бөлүмүнүн башчысы Гүлназ Исаева.

         Тренерлер үчүн тренингдер “International Alert” эл аралык уюмунун “Диний коомчулуктун катышуусунда COVID-19 инфекциясына чара көрүү ” долбоорунун алкагында Швецария өкмөтүнүн каржылоосунда өттү.

Архив