Ислам азыркы светтик мамлекетте: Диндер аралык кызматташтыктын тажрыйбасы

2020-жылдын 26-ноябрында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы «Ислам азыркы светтик мамлекетте: диндер аралык кызматташтыктын тажрыйбасы» аттуу IV эл аралык конференциясын Бишкек шаарында өткөрүүдө.

Конфернциянын максаты – Исламдын светтик мамлекеттерде ордун жана ролун контекстинде дүйнөдөгү учурдагы диний кырдаалды талдоо, диндер аралык кызматташууну өнүктүрүүдө актуалдуу маселелерди талкуулоо,  мусулман коомчулугу менен гармониялык мамилелердин жолун табуу, диний чөйрөдө демократиялык башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу, дискриминацияга каршы жана диний негиздеги радикализмди алдын алуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.  

         Аталган иш-чара мамлекеттик кызматкерледин, жарандык коомдун, 20 дан ашуун өлкөлөрдүн дин кызматкерлеринин жана белгилүү эксперттердин катышуусунда 2017-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Бул эл аралык конференция дин жаатындагы эл аралык диалогдун маанилүү уландысы болуп саналат. Ошондой эле 2018-2019-жылдары өткөрүлгөн «Ислам азыркы светтик мамлекетте» «Ислам жана Христиан – тынчтыктын диндери» аттуу конференциялар эл аралык коомчулук тарабынан жакшы кабыл алынган. 

Бул конференцияда төмөнкү маселелер талкууланууда:

1. Диндер аралык өз ара аркеттенүүнө исламдын тарыхый тажрыйбасы жана практикасы;

2. “Диндер аралык кызматташууну өнүктүрүүдө заманбап процесстери жана мисалдары”;

3. Радикализмди алдын алуу жана конфессиялар аралык диалогду өнүктүрүү актуалдуу маселелери;

Бул эл аралык конференция Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин (ЕККУ) колдоосу менен уюштурулууда.

Архив