"2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы" долбоору коомдук талкууда

2020-жылдын 23-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы "2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы" долбоору боюнча коомдук талкуу өткөрүүдө. Долбоор мамлекеттик түзүмдөрдүн, диний уюмдардын, академиялык жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан.

Концепциянын максаты - мамлекеттин светтик негиздерин жана диний толеранттуулукту чыңдоо үчүн мамлекеттик-конфессиялык кызматташтыктын механизмдерин өркүндөтүү, диний жана коомдук институттардын ишмердигин мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Бул максатка жетүү үчүн диний чөйрөнү жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын укуктук, демократиялык жана светтик негиздерин бекемдөө, Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатын ишке ашыруу үчүн бардык деңгээлдеги мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коом институттарынын ишмердиги үчүн бирдиктүү маалыматтык системаны түзүү жолу менен мамлекеттик-конфессиялык мамилелердин субъектилеринин дараметин күчөтүү жана кызматташтыгын кеңейтүү милдеттери коюлган .

 Мындай талкуулар өлкүнүн бардык облустарында өткөрүлдү.

Архив