"2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы" долбоору коомдук талкууда

Үстүбүздөгү жылдын 5-6-ноябрында Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан "2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы" долбооруна коомдук талкуу өткөрдү. Долбоор мамлекеттик түзүмдөрдүн, диний уюмдардын, академиялык жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан.

Концепциянын максаты - мамлекеттин светтик негиздерин жана диний толеранттуулукту чыңдоо үчүн мамлекеттик-конфессиялык кызматташтыктын механизмдерин өркүндөтүү, диний жана коомдук институттардын ишмердигин мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Бул максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди коюлган диний чөйрөнү жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын укуктук, демократиялык жана светтик негиздерин бекемдөө, Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатын ишке ашыруу үчүн бардык деңгээлдеги мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коом институттарынын ишмердиги үчүн бирдиктүү маалыматтык системаны түзүү жолу менен мамлекеттик-конфессиялык мамилелердин субъектилеринин дараметин күчөтүү жана кызматташтыгын кеңейтүү.

 Мындай талкуулар 3-4-ноябрда Баткен жана Жалал-Абад облустарында болуп өтүп, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарында жана Бишкек шаарында пландалып жатат.



Архив