COVID-19 илдетинен сактануу коопсуздугун көзөмөлдөө

2020-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Бишкек жана Кыргызстан Епархиясынын Епископу Даниил менен жолугушту.

Жолугушууда дин жаатындагы актуалдуу маселелер, коомдогу туруктуулукту сактоо, конфессиялар аралык ынтымакты жана диалогду бекемдөө, COVID-19 илдетинен сактануу эрежелери, ошондой эле аталган тармактагы биргелешкен иштерди жүзөгө ашыруу боюнча сунуштар талкууланды.

КР ДИМКнын директору Зайырбек Эргешов: «Коронавирустун алдын алуу максатында сиздерди эрежелерди так сактоого, кайрымдуулук иштерди жүргүзүүгө чакырам.”

Архив