Мамлекеттик тил күнүңүздөр менен!

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов:


"Урматтуу кыргызстандыктар!

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Кылымдарды карыткан кыргыз тили ар дайым ар бир жаран урматтаган тил болушу керек жана ар бириңиздерди мамлекеттик тилди кадырлоого, сыйлоого, күнүмдүк турмушта, коомдук жашооодо кеңири пайдаланууга, жайылтууга, ошондой эле этностор арасындагы достукту, ынтымакты, мамлекеттин биримидигине, өсүп-өнүгүүсүнө салым кошууга чакырам.

Мамлекеттик тилибизди барктап, маданий баалуулуктарды көздүн карегиндей сактап, урпактарга өткөрүп берүү ар бирибиздин жарандык милдетибиз.

Мамлекеттик тилди дагы да кеңири колдонууга жетишүү, аны этностор аралык баарлашуунун тилине айлантуу максатында диний уюмдардын катышуусунда түрдүү иш-чараларды өткөрүп келебиз.

Тилибиз этностор арасында достукту бекемдеген көпүрө болуп берүүсүнө терең ишенем!"


Архив