Мамлекеттик тил күнү

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК) диний уюмдар менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чара уюштурду. Бул жылы пандемияга байланыштуу иш-чара онлайн режиминде өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында кыргыз тили жөнүндө актуалдуу ырлар жана Кыргызстандын белгилүү инсандарынын чыгармалары жаңырды.

Иш-чаранын негизги максаты КР ДИМКнын ишинде жана диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты ишке ашырууда мамлекеттик тилди жайылтуу жана илгерилетүү.

Архив