КР ДИМКнын директору Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы элчинин дин иштери боюнча жаңы кеңешчиси менен жолугушту

2020-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) директору Зайырбек Эргешов Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы элчинин дин иштери боюнча жаңы кеңешчиси Мюрсель Өзтүрк менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы социалдык багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүү, диний радикализмдин жана экстремизмдин алдын алуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жана диний чөйрөдөгү көйгөйлөр туурасында маселелер талкууланды.

Соңунда эки өлкөнүн достук мамилелерин мындан ары да бекемдөө максатында кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

Архив