Курман Айтыңыздар маарек болсун!

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов:


«Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди жалпы мусулмандардын ыйык Курман Айт майрамы менен куттуктайм!  

Курман Айт- элдин биримдигин бекемдеген, боорукерлигин арттырган мусулмандардын эң маанилүү майрамдарынын бири. 

Ушул майрам күндөрү ар бир үй-бүлөөгө тынчтыкты, жакшылыкты жана бакубаттуулукту каалайм! Ар бир үй кубаныч менен бакытка толсун.

Урматтуу жарандар, коронавирус инфекциясынын жайылгандыгына байланыштуу өлкөгө өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) чечимине ылайык   өлкөдө жамаат менен намаз окуу, мечиттерде коомдук сыйынуулар убактылуу токтотулган.  Мунун баары Кыргызстандагы коронавирустун мындан ары жайылышына жол бербөө максатында жасалып жатат. Ошондуктан медиктердин жана КМДБнын сунуштарын эске алып, үйдө болууңуздарды өтүнөм.”

Архив