Өзбекстан делегациясы менен жолугушуу

Бүгүн, 25-июнда Баткен облусунда, ал эми 26-июнда Өзбекстан республикасынын Фергана облусунда кыргыз делегациясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Өзбекстан Республикасынын делегациясы менен жолугушуулар өтүп жатат.

Жолугушуунун алкагында коңшулук мамилени чыңдоо, эки өлкөнүн мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана диний уюмдардын өкүлдөрүнүн ортосундагы сабырдуулукту жана толеранттуулуктуу бекемдөө максатында “Чындыгында, ыймандуулар бир тууган” аталышындагы темада семинар өтүүдө.

Жолугушуунун максаты диний чөйрөдөгү актуалдуу маселелерди талкуулоо, коомдогу туруктуулукту сактоо, улуттар жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо болуп саналат. Ошондой эле мамлекеттер аралык диалог үчүн платформа куруу процессинде диний лидерлердин жана жарандык коомдун сабаттуулугун жогорулатуу.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы - Муфтий Максатбек ажы Токтомушев, Өзбекстан Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Дин иштери боюнча комитетинин төрагасы Абдугофур Ахмедов жана Өзбекстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы - Муфтий Усманхон ажы Алимов катышууда.

Иш-чарада санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталууда.

Архив