Дин комиссиясынын кызматкерлери жана диний уюмдардын өкүлдөрү Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Жеңиш күнү менен куттукташты

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) кызматкерлери диний уюмдардын колдоосу менен Ата Мекендик согуштун ардагерлери Эргеш Юсупов, Прокофьев Николай Алексеевич жана Жукова Лидия Федоровнанын үй-бүлөөсүнөн кабар алышты.

КР ДИМКнын өкүлдөрү ардагерлерди Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктап, материалдык жактан акчалай жана тамак-аш азыктары менен камсыздап, алардын баатырдыгы жана эрдиги үчүн ар бирине ыраазычылык билдиришти. Ардагерлер иш-чаранын катышуучуларына тынчтык каалап, ыраазычылык айтышты.

Майрамдык иш-чаралардын алкагында КР ДИМКнын кызматкерлери Улуу Жеңиш күнүнө арналган "Өлбөс полк" акциясына активдүү катышууда. Бул жылы пандемияга байланыштуу майрамдык иш-чара онлайн режиминде өткөрүлүүдө.

Дин комиссиясы Улуу Ата Мекендик согуштун үч ардагерине социалдык жактан колдоо жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу боюнча камсыздоо жоопкерчилигин алды.




Архив