Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен!

Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктайбыз!
Мамлекеттик эгемендикти жана элдин биримдигин сактоону көздөп, ынтымакты бекемдөө максатында 1993-жылы 5-майда Конституцияны кабыл алганбыз. Элибиздин эркиндиги, анын өмүрү, саламаттыгы, укуктары жогорку баалуулуктары болуп саналган көз карандысыз демократиялуу өлкөнү куруу башкы максатыбыз болуп саналат.
Мына ушул куттуу өлкөбүздө ар дайым тынчтыктын үнү жаңырып, аска зоолуу тоолорубуз өз дөөлөтүн тазалыгын сактап, ар бир үйдө бакыттын нуру жанып турсун!
Майрамыңыздар менен, кыргызстандыктар!


КР ДИМК

Архив