Орозо айынын башталышы менен куттуктайбыз!

Урматтуу Кыргызстандыктар!

Сиздерди 24-апрелде Орозо айынын башталышы менен куттуктайбыз!

2020-жылдын 17-апрелинде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) жаңы айдын башталуусу тууралуу Орто Азия мусулмандары үчүн эл аралык астрономиялык обсерваториялардын тажрыйбаларын пайдалануу менен жана Өзбекстан, Казакстан дин башкармалыктары менен кеңешип, Орозонун биринчи күнү 24-апрелде башталаары белгиленди.


Ыйык Орозо айы элибизге ынтымакты, биримдикти алып келип, өлкөбүздүн гүлдөп өсүшүнө өбөлгө түзөт. Орозо айы баарыбызды мээримдүүлүккө, боорукерликке, кайрымдуулукка үндөйт.


Урматтуу жарандар, коронавирус инфекциясынын жайылгандыгына байланыштуу өлкөгө өзгөчө кырдаал жана абал режими киргизилген. КМДБнын чечимине ылайык өлкөдө жамаат менен намаз окуу, мечиттерде коомдук сыйынуулар убактылуу токтотулган.


Ошондой эле Орозо айында таравих намаздарын үйдө окуу, ооз ачыруулар ар бир жарандын өз үйлөрүндө өткөрүү чечими кабыл алынган.


Ошондуктан коронавирустун жайылып кетишине жол бербөө максатында ар бириңиздерди сабырдуулукка чакырып, үйдө болууңуздарды өтүнөбүз!

Аманчылыкта бололу!

Архив