КР ДИМК өзгөчө абал режиминин талаптарын бузуу фактылар боюнча билдирүүнү өтүнөт

Урматтуу жарандар, коронавирус инфекциясынын жайылгандыгына байланыштуу өлкөгө өзгөчө абал киргизилген. Эгерде диний жөрөлгөлөрдү аткаруу максатында жарандар жана дин кызматкерлери тарабынан өзгөчө абалдын режиминин талаптарын бузуу фактылары катталса, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына билдирүүнү өтүнөбүз.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын 24-марттында Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү жарлыкка кол койгон. 

Эске салсак: Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын чечимине ылайык  17-марттан тартып өлкөдө жамаат менен намаз окуу жана дааватка чыгуу убактылуу токтотулган. Ошондой эле Бишкек жана Кыргызстан епархиясы чиркөөлөрдө, храмдарда коомдук сыйынууларды токтоткон.  

Байланыш телефону: 0 777 39 39 01

Фейсбук баракчасы: Госкомиссия по делам религий

Архив