Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Арабия Падышалыгына зыяратка баруу иштерин түшүндүрүү

Кыргызстандагы туристтик агенттиктер Кыргыз Республикасынын жарандарына жалпы кабыл алынган туристтик иштин алкагында мамлекеттик органдар жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын макулдугусуз Сауд Аравия Падышалыгына Умра зыяратын уюштуруп, иш жүргүзгө алгандыгын маалымдайбыз.

Сауд Арабия Падышалыгынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жума ушул жылдын 26-февралынан тартып Сауд Арабиясына Умра (кичи Ажылык) сапарына зыяратка барууга убактылуу токтотулгандыгы боюнча маалымат билдирген.

 Туристтик агенттиктердин берген маалыматы боюнча бүгүнкү күндө Сауд Арабиясына Умрага (кичи Ажылык) баргандардын баары толугу менен 3 жаранды эске албаганда, өз мекененине кайтып келишти. Ал эми 3 адамдан турган бир үй-бүлөө ден соолугуна байланыштуу Сауд Арабиясында калган. Умрага барган зыяратчылар үстүбүздөгү жылдын 12- 13-мартында Бишкек жана Ош аэропортторуна учуп келишкен.

Кичи ажылыкка зыярат кылуу болжолдуу 15 күнгө созулат. 

Баса белгилей кетчү жагдай, учурда Сауд Арабиясында окуп, иштеп жана туруктуу жашап жаткан Кыргызстандын жарандары бар. Бул жарандар Кыргызстанга кайтып келүүсү мүмкүн.

Архив