КР ДИМК директору Зайырбек Эргешов Сауд Арабия Падышалыгынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жума менен жолугушту

Бүгүн, 5 мартта Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов Сауд Арабия Падышалыгынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жума менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана Кыргызстан менен Сауд Арабия Падышалыгынын мындан аркы өз ара аракеттенүүсү талкууланды.

Зайырбек Эргешов диний чөйрөдөгү жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын орду маанилүү экендигине токтолуп, өлкөнүн светтик мүнөзүн бекемдөөнү баса белгиледи.

Өз кезегинде Абдурахман бин Саид Аль-Жума эки өлкө ортосунда дин чөйрөсүндөгү ишмердүүлүк колго алынып, мамлекет тарабынан өнөктөштүк үчүн өбөлгөлөр түзүлүп жаткандыгына ыраазычылык билдирди. Ошондой эле учурда Сауд Арабия Падышалыгы коронавирустун жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында Умра (кичи Ажылык) сапарына зыяратка барууга убактылуу токтотулгандыгы боюнча түшүндүрмө берип өттү жана кыргызстандыктарды түшүнүү менен кабыл алуусун өтүндү.

Жолугушуунун соңунда тараптар мамлекеттер аралык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого даяр экендигин билдиришти.

Архив