Улуттун уюткусу - эне тил

21-февраль –Эне тилдин эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК) чакан программадагы адабий кече уюштурду. 

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталып, эне тилдин улуулугун даңазалаган көркөм ыр саптары менен коштолду.  Адабий кечеге Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын өкүлү Айзаратбек Эсенов чакырылды.

КР ДИМКнын директорунун орун басары Мирланбек Абдылдаев ар бир кызматкерди өз эне тилин барктоого жана анын өсүп-өнүгүүсүнө салым кошууга чакырды.

Маалымат үчүн: Эне тилдин эл аралык күнү 1999-жылы 17-ноябрда ЮНЕСКОнун башкы конференциясында жарыяланган. Ал 2000-жылдын 21-февралынан тартып эне тилдерди жана ар түрдүү маданияттарды өнүктүрүү максатында белгиленип келе жатат.

Архив