“2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикаксынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын” ишке ашырууну талкуулоо

 Бишкекте бүгүн, 24-декабрда "2014-2020-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын" ишке ашыруунун болжолдуу жыйынтыктарын талкуулоо боюнча тегерек стол өтүүдө. Тегерек стол Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан уюштурулууда. 

Тегерек столдун катышуучулары 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер Планын аткаруу маселелерин талкуулоодо. Иш-чаранын алкагында жетишкендиктер менен кемчиликтерди да аныктап, Кыргызстандын диний чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу боюнча сунуштар берилет.

        Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер жана диний коомчулуктун жетекчилери катышууда.

Архив