КР ДИМКнын кызматкерлери КР Премьер-министринин энчилүү сааты менен сыйланышты

Бүгүн, 25-декабрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү  А.Нусупбеков Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Абылгазиевдин атынан ак ниет эмгеги жана ишиндеги жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары З.Чотаевге жана аналитикалык бөлүмүнүн башчысы Г.Исаевага энчилүү сааттарды тапшырды. Ошондой эле КР ДИМКнын башкы адиси З.Турсунбеков КР Премьер-министринин атынан Алкыш баракчасы менен сыйланды.

Архив