КР ДИМК БУУ менен кызматташат

2019-жылдын 9-декабрында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) директорунун орун басары Закир Чотаев  Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Азчылыктар  боюнча Атайын баяндамачысы Фернанд Де Варен менен жолугушуу болуп өттү.

Эки тарап дин жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана Кыргызстанда дин тутуу эркиндигин камсыздоо маселелерин талкуулады.

Жолугушуунун алкагында КР ДИМКнын өкүлдөрү учурдагы диний чөйрөдөгү кырдаал боюнча маалымат беришти. БУУнун атайын өкүлү аталган тармакта жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын актуалдуулугун жана маанилүүлүгүн белгиледи.

Архив