КР ДИМК диний уюмдардын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК) 2019-жылдын 7-8-декабрында Бишкек шаарында диний уюмдардын өкүлдөрү менен атайын жыйын  өткөрдү.

Иш-чаранын алкагында 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашырылышын жана жаңы концепцияга сунуштарды киргизүү маселелери каралып, социалдык тармакта өнөктөш мамилелерин чыңдоо, алардын ичинде эмдөөлөрдү жүргүзүүнүн зарылчылыгы боюнча талкуулар жүрдү.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинен, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан, Аалымдар кеңешинен жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан өкүлдөр катышты.

Архив