Болгар ислам академиясынын жана Россия ислам университетинин ректорлору менен жолугушуу

2019-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) директору Зайырбек Эргешов Болгар ислам академиясынын ректору Данияр Абдрахманов жана Россия ислам университенин (Казань ш.) ректору Рафик Мухаметшин менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында мамлекеттер аралык кызматташуу, радикализмди жана экстремизмди алдын алуу маселелери каралып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана дин чөйрөсүндө кызматташуу боюнча талкуулар жүрдү. Ошондой эле диний билим берүү мекемелеринде окутуу методологиясын иштеп чыгуу, бул чөйрөдө өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча сунуштар айтылды.

КР ДИМКнын директору З.Эргешов “Ислам жана Православие – тынчтыктын диндери” аталышындагы эл аралык конференциянын жыйынтыгы жана алдыда коюлган иш пландар боюнча кенен токтолду.

Архив