КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы “Теңирчилер” уюмун эсептик каттоодон өтүү маселеси боюнча соттун чечимин аткарды

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (мындан ары – КР ДИМК) А.Усупбаевдин 2019-жылдын 17-октябрындагы «АКИpress» Маалымат агенттигиндеги пресс-конференциясындагы арызана төмөндөгүлөрдү кабарлайбыз

А.Усупбаевдин «Тенирчилик» уюмун КР ДИМКдан эсептик каттоодон өткөрүү боюнча Бишкек шаардык райондор аралык сотуна жазган арызынын негизинде, 2016-жылдын 14-мартында судья Ч.М.Досмамбетовдун төрагалыгында  сот отуруму болуп, 2017-жылдын 10-февралында судья Ч.М.Досмамбетов тарабынан Бишкек шаардык райондор аралык сотунун 2016-жылдын 14-мартындагы чечимине аныктама берилген.

Берилген аныктамасына ылайык, «Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун 2016-жылдын 14-мартындагы чечими "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылышы керек экендигин жана «Кыргыз Республикасында диний уюмдарды каттоо жөнүндө» Убактылуу жобонун 8-пунктуна ылайык, эгерде диний уюмдардын ишмердүүлүгү Мыйзамга туура келбесе, мамлекетке, коомдук стабилдүүлүкө, этностор аралык жана дин аралык ынтымака, коомдук тартипке жана элдердин ден-соолугуна коопсуздук туудурса эсептик каттоодон баш тартылат экендигин белгилеген. Ошондой эле судьяны пикири боюнча көз карандысыз эксперттер жана тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан тиешелүү экспертиза жүргүзүүгө тийиш экендигин жана КР ДИМК эсептик каттоо маселесин  Мыйзамдын негизинде карап чыгууну белгилеген (документтин көчүрмөсү тиркелет).

Жогоруда айтылган Бишкек шаардык райондор аралык сотуну 2017-жылдын 10-февралындагы аныктамасынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) 07.03.2017-ж. №88 буйругу менен «Теңирчилик» уюмунун эсептик каттоо маселеси алкагында аталган уюмдун динге болгон катышын жана анын диний уюм катары катталуусунун диндер аралык коопсуздукка боло турган таасирин  аныктоо максатында комплекстүү дин таануу экспертизасы дайындалган. Аталган комплекстүү дин таануу экспертизасынын жыйынтыгы боюнча теңирчиликти дин катары кабылдоого болбой турганын жана аны диний уюм катары эсептик каттоодон өткөрүү коомдук коопсуздукка залакасы тиерин белгилешкен. 

Теңирчиликти дин катары жайылтабыз деген уюмдар коомдо араздашууларга алып барышы мүмкүн. Себеби:

- башка диндерге жана башка диндердин өкүлдөрүнө акаарат айтуу;

- коомдо калыптанган баалуулуктарды тануу;

- бир гана улутка тиешелүү динди түптөө менен башка улуттарды чектөө 

теңирчилик түшүнүгүндө орун алат. Бул коомдо түшүнбөстүктөргө, араздашууларга жана кагылышууларга алып барат.

         Мындан башка, эсептик каттоо үчүн тапшырылган документтериндин жооптору өз убагында Мыйзам чегинде КР ДИМК тарабынан А.Усупбаевге кайтарылып берилген. Ал эми 2016-жылдын 27-июлундагы эсептик каттоо үчүн тапшырылган акыркы документтери 2016-жылдын 25-август күнү почта аркылуу каттын жообу жана тапшырылган документтер арыз ээсине кайтарылган (керектүү документтер тиркелет). 


         Тиркеме:

- каттын жана документтин жөнөтүлгөндүгү боюнча квитанция;

- арыз ээсинин алгандыгы боюнча билдирме;

- Бишкек шаардык райондор аралык сотунун 2017-жылдын 10-февралындагы      

  аныктамасы.

Архив