КР Мамлекеттик тил мыйзамына 30 жыл

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) Ош облусундагы өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата салтанаттык иш-чара уюштурууда.

        Иш-чара кыргыз элинин көөнөрбөс мурасы болгон “Манас” эпосунан үзүндү айтуу, кыргыз тилинин улуулугун даңазалаган көркөм ыр саптары жана макал-лакап айтышуу, Кыргызстандын белгилүү ишмерлеринин монологдору менен коштолду.

 Иш-чаранын негизги максаты Кыргыз Республикасынын ДИМК ишинде жана диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты ишке ашырууда мамлекеттик тилди жайылтуу жана илгерилетүү болуп саналат.

Иш-чарага Ош шаардык мэриясынын, ОшМУнун, диний уюмдардын жана диний окуу жайлардын өкүлдөрү катышууда.

КР ДИМК Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин 30 жылдыгына арналган иш-чаралар Планын иштеп чыккан. Иш-Пландын алкагында диний уюмдардын жана диний окуу жайлар арасында мамлекеттик тилде тегерек столдор, семинарлар, лекциялар, дилбаян сынактары уюштурулат.


Архив