КР ДИМК менен Кувейт Мамлекетинин Вакф жана ислам иштер министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоору талкууланды

2019-жылдын 17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору З.Эргешов Кувейт Мамлекетинин Вакф жана ислам иштери боюнча министрлигинин эл аралык кызматташуу жана маалымат департаментинин башкы директору Мухаммад Насер Аль Мутайри жана Кувейт Мамлекетинин эл аралык кызматташуу департаментинин директору Халид Иса Аль Омар менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө КР ДИМК менен Кувейт Мамлекетинин Вакф жана ислам иштер министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоору, Кыргызстанда дин маселелери жана кайрымдуулук фонддорунун ишмердүүлүгү, ошондой эле коомчулуктагы диний сабаттуулукту жакшыртуу, ислам баалуулуктарын туура жайылтуу боюнча талкуулар жүрдү.   

Жыйынтыгында тараптар өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты, достукту өнүктүрүүгө жана чыңдоого ишеним билдиришти.

Архив