Ханафий мазхабы белгилүү Ислам аалымы Абу Ханифанын атына негизделген, тарыхта эң алгачкылардан болуп калыптанган (хижрий II кылымдын аягы, III кылымдын баш чени) фикхий (диний-укуктук же шаръий) мазхаб болуп эсептелет. Ханафий мазхабы Абу Ханифадан сырткары, анын шакирттери, шакирттеринин шакирттери башкача айтканда б.з. VIII кылымдан баштап X-XII кылымдарга чейинки жалпы Хорасан жана Маварауннахир аймагынан чыккан Ханафий аалымдарын ичине камтыган чоң фикх мектеби. Мисалы Орто Азиядан чыккан Бурхануддин аль-Маргинаний, Имам Сарахсий, Кадыхан аль-Узгандий аалымдары да Ханафий мазхабынын өсүп-өнүгүүсүнө жазып калтырып кеткен эмгектери менен чоң салымдарын кошушкан.

Абу Ханифанын акыйда туурасындагы көз караштарын кеңейтип, системалуу түрдө мектеп абалына келтирген Самарканддык Имам Абу Мансур аль-Матуридий жана шакирттери, шакирттеринин шакирттери болуп уланат. Онунчу кылымдан баштап пайда болгон Матуридий акыйда мектеби/мазхабы Ханафий мазхабынын акыйда жагын толуктаган. Анткени, Ханафий мазхабы акыйдада мазхаб болуп калыптанган эмес, фикхта мазхаб болуп калыптанган. Ошондуктан тарыхтан азыркы күнгө дейре фикхта Ханафий мазхабын кармангандар акыйдада Матуридий мазхабын карманып келишкен. Фикхта Ханафий мазхабы акыйдада Матуридий мазхабы илимий негизде Орто Азия аймагында (Самарканд, Бухара жана Фергана өрөөнүндө) өтө жогорку деңгээлде өнүгүп, көптөгөн аалымдарды өстүрүп, башка агымдардын/мазхаб, фыркалардын бул аймакта жайылуусуна жол беришкен эмес.

Абу Мансур Мухаммед ибн Махмуд аль-Матуриди аль-Самарканди Самарканттын «Матурит» деген аймагында туулган. Бирок канчанчы жылы туулгандыгы туурасында так маалымат жок. Ал эми 944-жылы каза болгондугу маалым. Анын сөөгү Самаркантка коюлгандыгы айтылат. Абу Мансур аль-Матуридий илимий жактан өтө жогорку деңгээлге жетишкендиктен «Захид», «Имам», «Шейх», «Устаз», «Имамул-Худа», «Имамул-Мутакаллимин» жана «Аламул-Худа» деген лакабтарга ээ болгон. Ал мына ушундай чоң аалым болгонуна карабастан өмүр баяны, чөйрөсү туурасында маалыматтар өтө чектелүү. Матуридинин түрк тектүү экендиги көпчүлүк тарабынан айтылса да, аны Иран тектүү деп айткандар да бар.

18Ислам агымдары туурасында жазылган адабияттарда башка махабтар жана мазхаб башчылары туурасында баяндалган. Ал эми Матуридий туурасында маалымат жок. Мисалы, орто кылымга таандык Багдадинин аль-Фарк байнал фирак жана Усулуддин, Абул-Музаффар Исфараининин ат-Табсира фид-дин, Шахристанинин аль-Милал ван-Нихал, Ибн Хазмдин аль-Фасл аттуу чыгармасында Матуридий туурасында маалымат берилген эмес. Ошондуктан Матуридинин жеке жашоосу туурасында жетиштүү, кенен-кесири маалыматка ээ эмсепиз.

Имам Матуридий Ханафий аалымдарынан илим алган. Ал ошол аймактагы белгилүү аалымдар Абу Наср аль-Иязий, Абу Бакр Ахмад аль-Жузжаний жана Мухаммед бин Мукатил ар-Раазиден сабак алган. Диний жана философиялык далилдер келтирип каршылаштарынын пикирлерин четке каккан Имам Матуриди бир канча чыгрмаларды жазган. Анын чыгармаларынын кээ бирлери аты билинип азыркы күнгө жеткен эмес. Матуридинин көпчүлүкө белгилүү болгон чыгармалары Таъвилатул-Куран, Китабут-Тавхид, Баян вахмул Мутазила, Рисалатун фи маалаа йажузул-вакф алай фил-куран ва рисалатун фил-акаид болуп эсептелет.

Матуридия итикадынын (ишениминин) Орто Азия аймагында жайылышы Саманиттер (875-999-жж.) мезгилинде башталган. Саманиттер ханафий аалымдарын колдошуп, аларды расмий кызматтарга коюшкан. Саманиттер суннит тарапкерлеринен болушкан. Риваяттар боюнча Амир Исмаил бин Ахмад (892-907) Самарканд, Бухара жана Маварауннахирдин башка шаарларындагы аалымдарды чогултуп туура эмес багыттагы агымдарга каршы суннит агымынын ишеним принциптерин камтыган бир китеп жазууларын буйрук кылган. Аалымдар бул тапшырманы ханафий аалым Исхак бин Мухаммед аль-Хаким ас-Самаркандиге ыйгарышкан. Хаким ас-Самарканди ушул тапшырмага ылайык Савадул-азам деген чыгарманы даярдаган. Бул чыгарма Саманиттер мезгилинде негизги диний адабият катары колдонулган.

Матуридилик хижрий IV кылымдан баштап ушул күнгө чейин көптөгөн мусулман элдери тарабынан кабыл кылынып келүүдө. Азыркы күндө Азербайжандарды кошпогондо түрк дүйнөсүнүн 90% ы матуридий агымын кабыл кылышат.

Матуридий агымына таандык бир канча дин аалымдары чыккан. Белгилүү матуридий дин аалымдары жана алардын азыркы күнгө чейин жеткен эмгектери:1. Абу Мансур Мухаммед ибн Махмуд аль-Матуриди аль-Самаркандий (944).а) Китабут-Тавхид. Рецензент Ф. Хулайф. Стамбул 1979.б) Таъвилатул-Куран.2. Абул-Касым Исхак бин Мухаммед Хаким ас-Самаркандий (953-ж.)а) Китабус-савадул-Азам, Стамбул 1887.б) Рисала фил-Иман. Стамбул 1887.3. Абу Салам ас-Самаркандий (IV кылымдын экинчи жарымы)а) Жумалу усулуддин. Рецензент Ахмед Саим Клавуз. Стамбул, 1989.4. Абу Лайс ас-Самаркандий (993-ж.)а) Шархул фикхул акбар. Хайдарабад, 1321.б) Акидатул-усул. ed.W.T. Juynboll, Bijdragen tot de Taal-Land-en Volkenkunde van Nederlandsch-Indie, ser. IV, vol. 5/1881/215-231u. 267- 284.в) ат-Тафсир. Багдад, 1985.г) Хал аль-иман махлук эм гайру махлук. (кол жазма) British Museum, Add. 9505, fol. 162a-162b.), ed. F.O. A. el-Omer, The Doctrines, 238-242-б.5. Абул Муин Насафий. (1114-ж.)а) Табсиратул адилла фи усулуддин. Рецензент Клауде Салама. Шам, 1992.б) Бахрул келам. Мисир, 1911. в) ат-Тамхид ли каваидит тавхид.6. Абу Хафс Умар ан-Насафий. (1142-ж)а) аль-Акаид. Каир, 1925.7. Абдуллах бин Ахмад Абул Баракат ан-Насафий (1301-ж.).а) аль-Умда.б) аль-Итимад фил итикад.8. Али бин Осмон аль-Фергани аль-Оший (1179-ж.).а) аль-Касидатул ламия фит-тавхид. Стамбул, 1884-85.9. Ибн Хумам ас-Сиваси (1457-ж.).а) Китабул мусаяра. Мисир, 1889.10. Хызыр Бей (1458-ж.)а) Касидатун нуния. Стамбул, 1842. Анкара, 1987.11. Нуреддин Ахмад бин Мухаммед бин Аби Бакр ас-Сабуни. (1184-ж.)a) Mâturidîye Akaidi, çev. Bekir Topaloğlu, Ankara 1979.б) аль-Мунтаха (кол жазма)в) аль-Кифая12. Абу Юср Мухаммед аль-Паздави (1099-ж.)a) Ehl-i Siinnet Akaidi, çev. Şerafeddin Gölcük, İstanbul 1988.13. Мухаммед бин Абдуссаид бин Шуйаб Абу Шакур аль-Кашши аль-Ханафи ас-Салими (V кылымдын экинчи жарымы)а) Китабут тамхид фи баянит тавхид.14. Абу Исхак ас-Саффар аль-Бухари Ибрахим бин Исмаил бин Аби Наср (1139-ж.)а) Талхисул адилла фи усулиддин.б) Ажвибатул Имам ас-Саффар аль-Бухари. Дарул кутубул Мисрия. Мажмуа No: 272, Микрофильм No: 48652, v. 67a.-70a.в) Асила фил итикад. Дарул кутубул Мисрия. Мажмуа No:169, микрофильм No: 5160, v. 183b-187b.15. Шамсуддин ас-Самаркандий.а) ас-Сахаифул илахия. Рецензент Абдуррахман аш-Шариф. Кувейт.16. Камалуддин аль-Баязи Ахмад бин Хасан (1687-ж.)а) Ишаратул марам ан ибаратул имам. Рецензент Юсуф Абдурраззак. Каир, 1949.

 
Преподаватель Ошского государственного университета,доктор теологических наук Зайнабидин Ажимаматов
Архив