Меморандумдун алкагында маселелер талкууланды

2019-жылдын 14-августунда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) директору Зайырбек Эргешов Россия Федерациясынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту.

Жолугушууда  Кыргыз Республикасынын ДИМК Россия Федерациясынын Улуттар иштери боюнча   федералдык агенттигинин (РФ УИФА) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлгандыгы боюнча жана ушул меморандумдун алкагында диний билим берүү багытындагы иш-чараларды өткөрүү жөнүндө маселелер каралды.

Ошондой эле коомдун диний сабаттуулугун жана толеранттуулугун жогорулатуу, конфессиялар аралык диалогду бекемдөө, дин тутуу эркиндиги, адам укуктары, диндер аралык платформа түзүү жана радикализмдин, экстремизмдин алдын алуу боюнча маселелер талкууланды.

Соңунда эки өлкөнүн достук мамилелерин мындан ары да бекемдөө максатында кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

Архив