Ош шаарында радикализм, экстремизмге каршы аракеттенүү жана алдын алуу боюнча тренингдер өтүүдө

2019-жылдын 30-31-июлунда Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК), КР ДИМКга караштуу Диний кырдаалды изилдөө борбору жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (ИИМ), Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин (ЖӨБЭММА) өкүлдөрүнүн катышуусунда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ), укук коргоо жана коопсуздук органдарынын кызматкерлерине “Зордукчул экстремизмдин алдын алуу үчүн инклюзивдүү башкаруу системасы жана сот адилеттиги” аталышындагы окутуу иш-чараларын өткөрүүдө.

Тренингдин максаты радикалдуу жана экстремисттик идеологияларды жайылтуунун алдын алууда мамлекеттик органдардын дараметин жана көндүмдөрүн чыңдоо максатында, ошондой эле экстремизм жана терроризмге каршы аракеттенүүнүн маселелери боюнча иштелип чыккан окутуу материалдар аркылуу күч структураларын, ЖӨБ жана мамлекеттик органдардын, республиканын бардык аймактарындагы укук коргоо жана коопсуздук органдарынын өкүлдөрүн окутуу.

Аталган иш-чара 2014-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу максатында жана 2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасынын алкагында уюштурулуп жатат.

Иш-чара Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын өнөктөштүгүндө “Зордукчул экстремизмдин алдын алуу үчүн инклюзивдүү башкаруу системасы жана сот адилеттиги” долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

Архив