Борбордук Азияда репатиранттарды реабилитациялоо жана реинтеграциялоо: артыкчылыктар, ыкмалар, тажрыйбадан алынган сабактар

2019-жылдын 29-30-июлунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Борбордук Азия өлкөлөрүнөн мамлекеттик органдардын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда  аймактык жолугушуу өткөрүүдө.

Конференциянын максаты жарандык коомдун лидерлери, эксперттик жамааттар, контексттик жана конфликттик-сезгич ыкмаларды табууда С5 өлкөлөрдүн эксперттик коомчулугу жана илимий чөйрөлөрү, ар бир репатрианттын укуктарын урматтоо жөнүндөгү саясатты иштеп чыккан жана чечим кабыл алуучу адистер үчүн бир катар сунуштарды иштеп чыгуу.

“Региондук алкактык кызматташуу программасынын башкы милдети конференциянын жыйынтыгында Борбордук Азиядагы репатрианттарды реабилитациялоо жана реинтеграциялоо маселелери боюнча платформаларын жана механизмдерин түзүп, иш-чаралардын аймактык планын жүзөгө ашыруу”-дейт, КР ДИМКнын директору Зайырбек Эргешов.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргызстан, Россия Федерациясынан, Казакстан, Тажикстан, Түркменистан, Өзбекстан мамлекеттеринен келген мамлекеттик органдарынан жана медиа коомчулуктан, өкмөттүк эмес уюмдардан өкүлдөр жана эксперттер  катышууда.

 Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы “Борбордук Азияда репатиранттарды реабилитациялоо жана реинтеграциялоо: артыкчылыктар, ыкмалар, тажрыйбадан алынган сабактар” долбоорунун алкагында Кыргызстандагы "Жалпы кызыкчылыктарды издөө" (Search for Common Ground) эл аралык уюмдун өнөктөштүгүндө уюштурууда.

Архив