Кыргызстан-көп конфессиялуу өлкө

2019-жылдын 17-июлунда Жаштарды өнүктүрүү институтунун "Кыргызстан  көп конфессиялуу мамлекет» деген аталышындагы дискуссияга Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары Закир Чотаев иш-чарага чакырылып, “Жаштык-жаңы идеялардын аймагы” жаштар лагеринин катышуучуларына диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө, конфессиялар жана этностор аралык мамилелерди бекемдөө, коомдогу тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо, диний жана этникалык жаатта экстремизмдин алдын алуу боюнча кенен маалыматтарды берди. Аталган иш-чарага Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил катышып, баяндама жасады.

"Жаштык - жаңы идеялардын аймагы" жаштар лагери Беловодский айылынан алыс эмес "Ак-Суу" капчыгайында иш-чара өткөрүүдө. Ага өлкөнүн бардык булуң-бурчунан жана чет өлкөлөрдөн келген жаштардын өкүлдөрү катышууда.

Архив