Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу ажылыкка жөнөштү

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК) өз ыйгарым укуктарынын чегинде 2019-жылдын ажылык сапарын уюштуруу боюнча, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгын координациялоо иш-чараларын жүргүзүүдө.  

Сауд Араб Падышачылыгы Кыргызстанга 6010 квота бөлгөн. Жалпысынан 18 каттам уюштурулуп, зыяратчылардын алгачкы тобу 2019-жылдын 17-июлда Бишкек-Медина багыты боюнча таңкы авиакаттамында Сауд Араб Падышачылыгына учурулат. 392 зыяратчыны 8 ажы башчы коштоп барат. Жалпысынан 400 адам сапарга чыгышат.


Архив