Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы Теологиялык колледжи

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы Теологиялык колледжи

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 315-р Буйругу менен “2015-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар Планынын” 6.4. пунктуна ылайык И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин алдында Теологиялык колледжи түптөлгөн.

Негиздөөчүлөрү:

  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
  • Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы
  • И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
  • Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы

Теологиялык колледжде гуманитардык, социалдык, математикалык жана табият таануу багыттарындагы билимдердин комплекси менен биргеликте диний предметтер окутулат.

            Дин таануу жана диний сабакатарында адистикке киришүү, дин психологиясы, ыйык китептер, диний агымдар, Ислам укугу, Ислам укуктук методикасы, ишеним негиздери, Ислам этикасы, хадис, тафсир, риторика, пайгамбарлар тарыхы, ислам тарыхы, каада салттар жана диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат сыяктуу предметтер окутулат.

            Ошондой эле, диний предметтер менен бирге кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, араб тили, англис тили, Кыргызстан тарыхы, математика, астрономия, физика, химия, жаран таануу, биология, география, аскерге чейинки даярдык жана дене тарбия сыяктуу сабактар өтүлөт.

  • Теологиялык колледждин окутуучулар курамы тажрыйбалуу илимий кадрлардан, профессорлордон, доценттерден жана жаш окутуучулардан куралган. Окутуучулар сабактарды окутуунун интерактивдүү ыкмаларын жана жаңы илимий-педагогикалык жетишкендиктерин колдонуп окутушат. 
  • Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Кошумча орус, англис, түрк жана араб тилдери окутулат. Студенттер орто кесиптик окуу жайлары аралык уюштурулган олимпиадаларга, кароо-сынактарга, илимий-практикалык конференцияларга жана спорттук мелдештерге катыша алышат. Ошондой эле, күн сайын республикалык жана дүйнөлүк жаңылыктар менен кабардар боло алышат.
  • Теологиялык колледжинин китепканасы, спорт залы, ашканасы, окуу бөлмөлөрү жана жыйындар өргөөсү бар.
  • Муктаж студенттердин бардыгы жатакана менен камсыз болушат. Студенттер коомдук иш-чараларга активдүү катышат жана студенттик кеңеши иштейт. 
  • Тил окутуу менен бирге колледжде компьютердик технологияга да чоң маани берилет. Заманбап техникалык каражаттар менен жабдылган компьютердик классы бар.
  • Колледждин бүтүрүүчүлөрүнө орто кесиптик теологиялык билим берүү жөнүндөгү мамлекеттик үлгүдөгү диплом берилет. 
  • Диплом бүтүрүүчүлөргө бакалавр программасынын “теология” багыты боюнча 2-курсунан окуусун улантууга же Кыргызстандын башка ЖОЖдоруна окууга тапшыруу мүмкүнчүлүгүнүн берет. Ошондой эле, колледждин бүтүрүүчүлөрү жергиликтүү мечиттерге имам болуп, андан сырткары мамлекеттик жана муниципиалдык мекемелерде дин тармагында жогорку билимди талап кылбаган кызматтарда иштей алышат. 
  • Теологиялык колледжинин 2-3-курсунун студенттери мамлекеттик жана муниципиалдык мекемелерде, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министирлигинин курамдарында, Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына караштуу Диний кырдаалды изилдөө борборунда, “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунда, ЖОЖдордогу дин таануу жана теология кафедраларында тиешелүү практикаларын өтүшөт.

Окууга тапшыруу үчүн керектүү документтердин тизмеси:

9 жылдык билими бар бүтүрүүчүлөргө:

9 жылдык билими тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

11 жылдык билими бар бүтүрүүчүлөргө:

11 жылдык билими тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн же паспорттун көчүрмөсү;

3*4 өлчөмүндөгү сүрөт (6 даана)

№086-У формасындагы медициналык маалымкат

Кабыл алуу сынагы тестирлөө түрүндө төмөнкү сабактар боюнча өткөрүлөт:

  • Кыргызстан тарыхы;
  • Кыргыз тили;
  • Англис тили. 

Документтерди кабыл алуу дареги: Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 51А. Байланыш телефондору: 0550 97-51-81, 0700 12-07-04, 0778 85-19-06

Архив