Дин комиссиясы маалыматтык-профилактикалык иш-чараларды Чолпон-Атада өткөрүүдө

2019-жылдын 14-июнунда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (ДИМК) жергиликтүү калк үчүн маалыматтык-профилактикалык иш-чараларды өткөрдү.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын ДИМКнын директору З.Эргешов, КР Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Осмоналиев, Ысык-Көл районунун акими Д.Иманалиев тарабынан жергиликтүү калкка диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө кенен маалымат берилип, конфессиялар жана этностор аралык мамилелерди бекемдөө, коомдогу тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо, диний жана этникалык жаатта экстремизмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Ошондой эле дин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна киргизилген өзгөртүүлөр боюнча талкуулар өттү.

Коомдук талкууга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, диний уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышышты.

Архив