Токмок шаарында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

2019-жылдын 13-июнунда Токмок шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Токмок шаарынын мэриясы менен биргеликте мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин, диний уюмдардын жана  жарандык коомдун өкүлдөрүнө дин чөйрөсүндөгү маселелер,   киргизилип жаткан ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча маалыматтык-профилактикалык иш-чара өткөрдү.


Иш-чаранын алкагында диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө кенен маалымат берилип, дин жаатындагы актуалдуу жана көйгөйлүү маселелер каралып, ошондой эле дин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна киргизилген өзгөртүүлөр боюнча талкуулар өттү.

Бул иш-чара 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлдү.

Архив