Кадыр түн

Быйыл, Кадыр түн 31-майдан 1-июнга караган түнгө туш келди. 

Кадыр түн орозонун акыркы он күндүгүнүн так күндөрүндө болот. Бул түнү мечиттерде  Мухаммед пайгамбарыбыздын хадистери окулуп, баяндар айтылды. 

 Кадыр түндүн урматына “ЭлТР” мамлекеттик телерадиокомпаниясы дин кызматкерлеринин ортосунда Бишкек-Ош телекөпүрөсүн уюштурду. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов дагы чакырылган.

Түз эфирде Кыргыз Республикасынын ДИМКнын директору З.Эргешов диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, светтик өлкөнүн принциптери, дин тутуу эркиндиги жөнүндө кенен токтолуп, ошондой эле коомдогу туруктуулукту чыңдоо, маданияттар жана конфессиялар аралык ынтымакты бекемдөө, диний лидерлеринин сабаттуулугун жогорулатуу жана диний билим берүүнү тартипке келтирүү жөнүндө талкуулар жүрдү.

Архив