Диний билим алуу тармагындагы кызматташуу

Үстүбүздөгү жылдын 28-29-мартында Орусия Федерациясынын Президенти В.В. Путиндин Кыргыз Республикасына мамлекеттик иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Орусия Федерациясынын Улуттар иштери боюнча федералдык агентствосу  өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлган. Ошону менен бирге Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен Орусиянын Ислам билим берүү кеңешинин ортосунда өз ара кызматташуу меморандумуна кол коюлган. Аталган документтердин негизинде 2019-жылдын 14-майында Бишкек шаарында 2019-2020-окуу жылына Орусия Федерациясынын аймагында диний билим алуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына 25 (жыйырма беш) квота берилип, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн протоколуна Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийи Максатбек Токтомушев жана Орусия Ислам билим берүү кеңешинин төрагасы Мухаметшин Рафик Мухаметшович кол коюшту. 

Архив