Облустарда Диний билим берүүнү тартипке келтирүү боюнча Жобонун долбоорун өткөрүлгөн коомдук талкуулар жөнүндө

2019-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК)  Бишкек, Ош шаарларында жана Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Чүй облусдарында “Кыргыз Республикасында диний билим берүү тартиби жөнүндө” жобонун долбоорун коомдук талкуудан өткөрдү. Иш-чараларга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, диний уюмдардын, диний окуу жайлардын өкүлдөрү, өкмөттүк эмес уюмдар жана көз карандысыз эксперттер катышты.

          Долбоордун негизги максаты ар бир жарандын өз тандоосу боюнча, жекече же башкалар менен бирдикте диний билим алууга болгон укугун камсыз кылуу максатында иштеп чыгып, ушул укукту камсыздоодо диний окуу жайлардын билим берүү процессин жүзөгө ашыруу жаатындагы мамлекеттик саясаттын принциптерин белгилеп, ошондой эле ишке ашыруунун укуктук базасы катары кызмат кылууга багытталган. Ошондой эле, Кыргызстанда диний билим берүү системасын тартипке келтирет.

Коомдук талкуулоонун алкагында иш-чаранын катышуучулары жалпысынан бул долбоорду жактырышты жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө макулдашууга киргизүүнүн алдындагы документке толуктап иштеп чыгууга сунуштарды беришти.


Архив